FDD Band 1 (2100 МГц), FDD Band 3(1800 МГц) жана FDD Band 20 (800 МГц).
Android үчүн: Настройки-ге кириңиз, ал жерден мобильные сети-ге жана режим сети-ге кирип, автоматтык режимди орнотуңуз (2G/3G/LTE). Андан соң маалыматтарды берүүнү өчүрүп-жандырыңыз.
iOS үчүн: Настройки-ге кириңиз, ал жерден мобильная связь дегенди тандаңыз, андан соң голос и данные деген жерине кирип жана LTE түйүнүн тандаңыз. Пайда болгон билдирүүдөн «Включить LTE» басмагын басыңыз.
Көпчүлүк мобилдик түзмөктөрдө түйүндү автоматтык түрдө тандоо режими орнотулган. Бул шартты түзмөктүн тууралоо менюсуна кирип, тастыктай аласыз. Эгерде бул шарт орнотулбаган болсо, түйүндү автоматтык түрдө тандоо режимин өз алдынча орнотуңуз. 4G тармагы жеткиликтүү болбогон аймакка өткөн учурда, сиздин түзмөгүңүз автоматтык түрдө 3G/2G түйүнүнө которулат.
Түйүндү активдештирүү акысыз жана 4G түйүнүнө которулуу аракеттеги тарифтөө шарттарын өзгөртпөйт. 4G дүйнөлүк түйүнгө абдан жогорку ылдамдыктагы жеткини камсыздайт. Ушуга байланыштуу Сиз көбүрөөк сандагы мегабайттарды сарпташыңыз мүмкүн, ошондуктан Сиздин керектөөлөрүңүзгө ылайык болгон тарифтерди жана опцияларды тандоону жана трафикти көзөмөлдөөнү сунуштайбыз.
Түйүндү ийгиликтүү активдештирип жана түйүндү автоматтык түрдө тандоо режимин орноткондон кийин, 4G тармагы аракетте болгон аймакка өтөр замат түзмөгүңүздөгү байланыш деңгээлин көрсөткөн индикатордун жанынан «4G» же «LTE» белгилерин көрүүгө болот.
Ал технологиянын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу – 4G түйүнүнөн 3G/2G түйүнүнө которулуу ишке ашырылат.
Азыркы учурда 4G тармагы аркылуу үн байланышы аткарылбайт. Чалуу учурунда түзмөгүңүз автоматтык түрдө 3G/2G түйүнүнө которулгандыктан, Сиз ар дайым байланышта боло аласыз. Чалуу аяктар замат кайрадан 4G түйүнүнө кайтарылат.
MegaCom-дон 4G LTE тармагынын каптоо аймагы интерактивдүү картада көрсөтүлгөн.
4G түйүнүнүн каптоо аймагына биринчи кезекте аймактык борборлор жана чоң шаарлар кирет. Сиздин аймакта төртүнчү муундагы түйүн ишке киргизилгендиги тууралуу MegaCom компаниясы сөзсүз түрдө маалымдайт. Азыркы учурда 4G түйүнү жеткиликтүү болгон аймактар менен бул жерден таанышууга болот.